КӨРҮШМӨГӨ АЛДЫН-АЛА КАТТАЛУУ ТУУРАЛУУ КУЛАКТАНДЫРУУ

Bişkek Büyükelçiliği 20.01.2020

Жарандарыбыздын Элчилигибиз тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарды дагы да ыңгайлуу пайдалануусу жана өзгөчө иштеген же окуган жерлеринен уруксаат алышы керек болгон жарандарыбыздын иштери убагында жүзөгө ашуусу үчүн 2020-жылдын 20-январынан тарта аскердик, жарандык документтерди каттоо, паспорт жана атуулдук маселелери боюнча көрүшмөгө алдын-ала катталуу системасы ишке ашырыла баштайт.

Жогоруда аталган маселелер боюнча иш жүргүзүүнү каалагандар консулдук бөлүмүбүзгө көрүшмөгө келгенге чейин сөзсүз түрдө алдын-ала катталуусу абзел.

Шашылыш учурлардан тышкары көрүшмөгө алдын-ала катталган жарандарга артыкчылык берилет.

Саат 09.00 менен 12.15 аралыгында ар бир алдын-ала катталган көрүшмө үчүн 10-15 мүнөт аралыгында убакыт берилиши каралууда.

Мындан тышкары нотариустун иштери болсо алдын-ала каттоосуз саат 14.00-16.00 аралыгында консулдук бөлүмдөгү маалымат бөлүкчөсүндө кезекке туруу аркылуу жүзөөгө ашырылмакчы.

Кандайча Көрүшмөгө Алдын Ала Каттала Алам?

Электрондук түрдө алдын ала катталуу үчүн www.konsolosluk.gov.tr дарегинде “Консулдук иштер” сайтына киргенде оң тарапта жайгашкан “Өлкө” (Кыргызстан) жана “Өкүлчүлүк” (Бишкектеги Элчилик) тандалышы керек жана “Каттоого тур”га басылышы керек.

Электрондук даректин туура жазылышына өзгөчө көңүл бурулушу абзел. Катталышы талап кылынган маалымат так жана толугу менен катталгандан кийин, жазылган электрондук дарекке системанын жөнөткөн шифр киргизген соң “Улант”ка басуу менен кийинки экранга өтүү зарыл.

Көрүшмө тарыхы жана сааты тандалган соң бекитүү экранында “Бекит” аркылуу көрүшмө убактысы белгиленген болуп деп эсептелинет.

Алынган көрүшмөлөрдү зарыл болгон учурларда ушул эле сайтка кирүү аркылуу жокко чыгара аласыз.

Түркия Республикасынын жарандары болбогондор үчүн маалымат.

Көрүшмөгө алдын-ала катталуу аркылуу кайрылуу системасы жалгыз гана дипломатиялык паспорт/расмий паспорт ээлери болгон чет мамлекеттик жарандардын виза тариздөө иштеринде жүзөөгө ашырылмакчы. Виза үчүн калган кайрылуулар Элчилигибиздин Алгач Визага Кайрылуу Борбору тарабындан кабыл алынууда.

Нотариус иштери жарандарыбыз менен катар эле чет мамлекеттик атуулдар үчүн дагы алдын ала каттоосуз саат 14.00-16.00 аралыгында консулудук бөлүмдөгү маалымат бөлүкчөсүндө кезекке туруу аркылуу жүзөгө ашырылмакчы.

Өлкөгө кирүүнүү териштирилүүсү жана чет мамлекеттердин атуулдарынын кылмыш ишине барып барбагандыктары тууралуу маселелер боюнча иш-аракеттер аптанын ар бир бейшемби күндөрү саат 17.00-17.45 аралыгында маалымат бөлүкчөсүндө кезекке туруу аркылуу жүзөгө ашырылмакчы.


Урматто менен кулактандырабыз.


Atatürk

Понедельник - Пятницa

09.30 - 12.30 / 14.00 - 18.00

Режим работы Консулького отдела Посольства с 10.00-12.30 часов
01.01.2023 Новый год
07.01.2023 Рождество Христово
23.02.2023 День защитника Отечества
08.03.2023 Всемирный женский день
21.03.2023 Народный праздник Нооруз
07.04.2023 7-апреля - День народной Апрельской революци
21.04.2023 Орозо Айт
01.05.2023 Праздник Труда
05.05.2023 День Конституции
09.05.2023 День Победы
28.06.2023 Курман Айт
31.08.2023 День Независимости
29.10.2023 День провозглашения Республики Турция
07.11.2023 08.11.2023 Дни истории и памяти предков в Кыргызстане